Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:04

Эркиндик

“Альфанын” тагдыры шайлоодон кийин чечилет

7-апрелдеги ок атууларга катыштыгы болгон деген айып менен камакка алынган атайын даярдыктагы «Альфа» аскердик тобунун командири Алмазбек Жолдошалиев жана аталган топтун үй камагындагы жети аскеринин соту парламенттик шайлоодон кийин болот.

Текст көлөмү - +
Анткен менен айрым серепчилер апрель окуяларынын негизги күнөкөрлөрү сот жообуна тартылбай, буйрук аткарган аскерлер күнөөлөнүп жатат деп коңгуроо кагышууда.

7-апрелдеги ыңкылапта ок атууларга катышкан, курал-жарактарды кароосуз калтырып кеткен деген айыптоолор менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына баш ийген атайын даярдыктагы «Альфа» тобунун сегиз мүчөсү камакка алынган.

25-августта Бишкек шаардык соту аталган аскердик бөлүктүн командири Алмаз Жолдошалиевди камакта кармоо чечимин чыгарган. Аны менен кошо айыпталып жаткан жети кызматкер үй камагына алынган.

Бишкекти каптаган кара түтүн
Кезегинде бул топту негиздеген "Альфа-Антитеррор" коомдук бирикмесинин президенти Артур Медетбековдун билдиришинче, "Альфа" тобунун сегиз мүчөсүнүн соту парламенттик шайлоодон кийин болоору күтүлүүдө. Ага чейин камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аскерлердин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылууну көздөп жатышат.

Артур Медетбеков аскерлердин канчалык деңгээлде күнөлүү экенин сот чечерин, бирок сотко чейин "Альфанын" мүчөлөрү негизсиз кармалып жаткандыгын айтат. 7-апрелде бул топтун мүчөлөрүнө тиешелүү курал-жарактардан эч кимге ок тийбегендиги экспертизадан кийин аныкталганын билдирет:

- Топтогулар "биз эгер күнөөбүз болсо биз жоопкерчиликти тартабыз. Мамлекет, элдин арасында жоопкерчиликти тартабыз" деп айтып жатышат. Бирок "силер 7-апрелде иштегенсиңер, силер автомат, снайпер менен жүргөнсүңөр" деп буларды азырынча кармап жатышат.

Күйүтү күчтүүлөрдүн талабы

Анткен менен "Мекен шейиттери" өңдүү бир катар кыймылдар 7-апрелдеги 86 адамдын өлүмүнө себепкер болгондорду таап, жазалоо талаптарын коюп келишет. Элге ок аткан деген айып менен жоопко тартылган "Альфа" аскердик бөлүгүнүн кармалган аскерлери туурасында маселени УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев өкмөттүн коопсуздук боюнча жыйынына чейин көтөрүп, топтун мүчөлөрүнүн тагдырын талкууга койгон. Өз кезегинде президент Роза Отунбаева элдин талаптарын орундатуу үчүн "Альфа" тобуна буйрук берген Мурат Суталиновду кармоо талабын койгон эле.

Талдоочу Токтогул Какчекеевдин айтымында, "Альфа" аскердик бөлүгүнүн аскерлери кармалышы элдин талабын аткаруудагы бир аракет болуп жатат:

- Мына азыр элдин баары догурунуп, "менин балам өлдү, менин балам эң чоң революционер болчу, ал министр болмок, өчүн алып бер, аларды камагыла" дегендиктен тигилерди камап жатышат. Бирок тигилер өзүнүн милдетин аткарып жаткандан кийин аларга эч ким кол көтөрүп сотко берүүгө укугу жок. "Альфа" болобу, жөнөкөй аскер болобу алар милдетүү, ыйгарым милдетүү иште турган.

Күч күчтүүнү тартат

"Альфа" аскердик тобу террорчулукка каршы күрөш жүргүзө турган топ катары 1992-жылы 27-октябрда УКМКнын алдында түзүлгөн. Бул топтун аскерлери психо-физиологиялык жактан мыкты даярдалып, өлкөдөгү маанилүү аскердик топ болуп саналат. Топтун аскерлери бир катар өлкөлөрдөн аскердик даярдыктан өтүп келген.

Мурдакы президент К. Бакиевдин бийлиги учурунда "Альфаны" УКМКнын башчысы Мурат Суталинов менен бирге көмүскө түрдө Марат Бакиев башкарып келгендиги туурасында божомолдор бар. Аталган топко УКМК тарабынан 7-апрель күнү «Форум» ишканасынын алдына чогулган элди токтотууга аракет кылган ички иштер кызматкерлерине көмөктөшүү буйругу берилген. Муну менен бирге топтун мүчөлөрү Ак үйдү коргоого да катышкан.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун айтымында, атайын даярдыктагы "Альфа" аскердик бөлүгүнүн сегиз мүчөсүнүн сот жообуна тартылышы күч тармактарындагы кызматкерлердин бийликке болгон ишенимин азайтышы мүмкүн:

- "Альфанын" адамдарынын бирөөнүн да тиешеси жок. Анткени расмий түрдө баллистикалык экспертиза боюнча "Альфанын" куралдарынан бир да ок чыгып адамды аткан жок. Эмне себеп менен аларды камап жатат? Мейли камасын… Бирок офицерлер, милиция болобу, коргоону болобу, погон тагынып жүргөндөрдүн бийликке ишеними жок болот.

Ошентип атайын даярдыктагы "Альфа" аскердик бөлүгүнүн сегиз мүчөсү сот жообуна тартылганы турат. 7-апрелдеги окуяларда күнөөсү бар деп, кылмыш иши козголгон мурдагы бийликтин Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов баштаган өкүлдөрүн жоопко тартууга болгон аракеттерден майнап чыга элек.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: камчик каяктан: россия
07.09.2010 22:30
Ошол убакта Бакиевдер жалал-абадда,тактап айтканда уйундо беймарал чай ичип отурушканда аларды кармабай эми бул жигиттерди кармап отургандары туура эмес,жэ ошол убакта аларга бироо жолтоо болуптурбу, андан коро ушул жигиттерди жиберсе оной эле кармап бермек.Кудай сактасын дагы бир нерсе болсо Бекназаров колуна курал ошол бармак беле, дагы эле болсо ушундай буйрук аткарган балдар ак жеринен куйо берет.Деги айла жоктун иши айтаарга дагы соз жок аман эле болушсун.

кимден: Зайир каяктан: лейлек
06.09.2010 13:53
Усоновду, Суталиновду баарын эле кармаган, бирок кандайдыр себептер менен коё беришкен, мына эми буйрукту аткарган мыкты балдар кыйналууда.андан коро куч органдарын басынтпай кайра ондосо болмок.эртен бир нерсе болсо(кудай сактасын) альфа дагын чыгабы мамлекетти коргош учун же камалып кетебиз деп чыкпай койсочу........???!!!!!!!!!!

кимден: kyrgyz
05.09.2010 13:34
Азыркы бийликтин арасында дагы эле эскиче иштегендер коп жана пара алгандар бар деген ойго туртушот, себеби чон акча берип, кутулуп, эркиндикте жургон Бакиевдин жан жоокорлору бар. Ал эми ошондой чон акчасы жок Альфанын кызматкерлери жоопко тартылып атат, алар деле коп акчасы болсо, параны берип туруп, эбак эле эркиндикте журушмок. б.а. Буйрук берген Бакиевдин жан жоокорлорун соттош керек болчу.

кимден: boxa
05.09.2010 11:16
"Альфа" тобу өздөрүнүн мыйзамдуу милдеттерин аткарып ,мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп турушкан.
Бул жерде мыйзамды бузуп жаткан баскынчылар жоопко тартылыш керек болчу,азыр тескерисинче болуп жатат.
Минтип өз кызматын аткарып жаткан жарандарыбызды жоопко тартып камай берсеңер,дагы ушундай революция болсо ,өлкөнун кызыкчылыгын ким коргойт.
Силердин оюңарча баары куралын таштап куш келиңиздер,ак үйдүн жетинчи кабатына өтүңүздөр дегенде туура болмокпу?
Кызмат абалында турган жоокерлер уставдын негизинде жасаган иштери,кылмыш катары каралбаш керек.

кимден: Назбек каяктан: Бишкек
05.09.2010 09:59
Азаттык сиздер жанылышып жазып алыпсыздар. Жети жоокер уй камагында эмес. Алар СНБнын СИЗОсунда. Жоокерлерде эч куноо жок. Алар буйрукту аткарат. Эгерде азыркы бийлик буйрук берсе жоокерлер аны да аткарат. Чыныгы снайперлерди Бекназаров качырып жиберип, биздин АЛЬФАны кармаганы бул жон гана озун корсотуу болуп саналат. Кантип эле кыргыздар кыргызды атсын.Азимбек мырза абдан туура эмес иш кылып жатат.

кимден: Almaz каяктан: Bishkek
04.09.2010 22:55
Meni bir nerse oilondurup jatat. Albette ALFAdagylar eldi atsa da, atpasa da buiruktu atkardy dep jatabyz. Birok buiruktu atkarbai koe turgan tandooloru bar bele? Kyzyk...

кимден: Yoma каяктан: chet olko
04.09.2010 21:54
Alfanin oficerlerin ushuncha kashanin "KOZEL OTPUSHENIYASI" kilip koyushtu. 7aprel kunu Daniyar Usenovdu karmaship kayra ele chon summadagi akchaga koyoberishkeni bolso kerek.Oshol akchalardi alip jep olturgan generaldar azir YSSYK Uyundo olturup televisor korup jatishat, a ech kanday payda korbogon buyruk atkargan, askerdik antyna bek turup kizmatin kilgan chigaan oficerleribizdi turmogo tigip salishkisi kelip jatat. Mynday kila turgan bolsuhsa anda erten bir nerse chigip ketse ech bir Kuch organinin kizmatkeri buyrugunardi atkarbay koyot MAY BASKAN CHON KURSAK GENERAL CHINOVNIKTERRR!!!!

кимден: a каяктан: Кытай
04.09.2010 20:52
Кайра эле баягы адилетсиздик сот, буйрук бергендерден өкмөт эмнеге соттошууну талап кылбайт!!
Алар эми Бакиевден корккондуктан аткарышты да. Маркумдардын каны жерде жатпайт, Бакиев менен Усөновду соттомоюнча эл тынчыбайт го,,,,

кимден: Рома каяктан: Карамык
04.09.2010 19:01
Катардагы жоокерлерде эч куно жок. Аларга буюрук берилген. Алар оз кызматын аткарган. Эгер андай болсо орган кызматкерлеринин кобу сотолуш керек.
Катардагы жоокерлерде эмне куно. Буюрукту аткарбаса анда бизде кайдагы армия, антитерроситический топтор керек. Аларга болгону юуюрукту билишет. Аларга айырмасы жок кандай адамга буюоук берилген.
Ошол учун альфа антитеррористическая группа деп аталат.
Аларга буюрук берген адамдарды соттош керек. Ойлонуп туруп командир дайындаш керек болчу???

кимден: Nur каяктан: Bishkek
04.09.2010 18:49
Эн кызыгы Данияр Усоновду Ак Уйдун ичинен ошол эле куну кармашкан,анан эле кайра оздору качырып жиберген.
Эми минтип элди эптеп алдаш учун ушуну жазап жатышат деп ойлойм.
Мени абдан кызыктырган нерсе Усоновду кантип качырып жиберишкен, эмнеге качырып жиберишкен? Буга ким жооп керчиликти алат?

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине