Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:04

Маданият

Мода: идея көп, түстөр башка

9-сентябрда Улуттук филармонияда кыргыз маданиятынын тарыхында биринчи жолу Сулуулук чеберлеринин күнү белгиленет. Бул долбоордо стилист жана дизайнерлер кызыл килемден өтүп, Филармониянын чоң залында Маданият министри чеберлерге сыйлык тапшырат. Андан соң модельер жана дизайнерлердин сынагы башталат.

Текст көлөмү - +
9-сентябрь – эл аралык Сулуулук чеберлеринин күнү. Бүгүн бул майрамды өзгөчө Европа эли жогорку деңгээлде майрамдашат. Кыргызстанда бул майрам эми жыл сайын белгиленерин Маданият министрлиги билдирет.

Филармониянын чон залында өтүүчү бул фестивалга Кыргызстандагы бардык дизайнер-модельерлер катышат. Алардын арасында эң эле жашы Жанат Бекжанова да бар. Ал буга чейин Европа өлкөлөрүндө өткөн бир топ сынактарда өзүнүн кыялындагы кийимдерди көрсөтүп, Кыргызстандын атын чыгарып келген. Бул ирет ал “Бугу эненин” образын жараткан кийимдерин тартууламакчы.

- Бугу эненин ички дүйнөсүн чагылдырууга аракет жасагам. Костюмдарда берилген өңдөр мага абдан жагат. Анткени жаратылыштан алынган чөптүн, топурактын өңдөрү. Боло турган сынак мен үчүн башкача болуп атат. Эгер байгеге илинип кала турган болсом өзүмдүн чакан ишканамды ачсам деген тилегим бар.

Жанат Бекжанованын жараткан киймдеринин арасында өзгөчө көзгө урунганы жасалма булгаарыдан тигилген күрмө кийим кимдин гана болбосун көңүлүн бурдурбай койбойт. Бардык курактагы кыз-келиндерге ылайык келген бул күрмөнүн өңү жашыл жана күрөң түстө болуп, узун формада. Колдорунун жеңи жана этеги кара түстөгү териден жасалган майда чачыктар менен кооздолгон. Эң эле кызыгы ийнинен белине чейин ичке формада келип, кара териден жасалган кур менен курчалган.

Ошондой эле окшош кездемеден тигилген топусу да бар. Ал Бугу эненин образын чагылдырат жана ичке оюмдар менен кооздолгон. Элестетип көрүнүзчү, бүгүнкү күндө кыз-келиндер бул өңдүү кийимдерди коомдук жайларда кийет беле? деген суроо жаралбай койбойт.

Жанаттын ою боюнча бул кийимдер кыргыз элинин да, түндүктө жашаган байыркы уруулардын да салт-санаасын чагылдырып турганы менен заманбап стилде тигилген кийимдер.

Бул сынактын уюштуруучуларынын бири Замира Молдошеванын айтымында, канчалаган дизайнерлер жана стилисттер сыртка чыгып, коллекциялары, чач жасалгалары менен Кыргызстандын атын чыгарып жүрүшөт.

Фестивалдын негизги максаты – кыргызстандык модельерлерди дүйнөлүк аренага таанытып, Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана мунун негизинде экономиканын өнүгүшү үчүн кандайдыр бир салым кошуу болуп саналат.

- Бул долбоор 5 жылга деп жазылган. Тагыраак айтканда жыл сайын ушул майрамды мындан ары белгилеп турабыз. Доктур, мугалимдердин майрамы бар эмеспи, ошол сыяктуу эле дизайнер-модельерлердин майрамы да болсун. Мен Маданият министрлигине сунуш кылдым. Жеңүүчүлөрдү четөлкөдө окутуу боюнча сүйлөшүп атабыз.

Республикалык деңгээлдеги бул сынакка 75 жаш дизайнер катышып, 4 стиль боюнча өтөт. Биринчиси – авангард стили фантазияга жараша болот. Керек болсо, гезиттен кечеге кийилүүчү көйнөк тигип көрсөтсө болот. Экинчиси – этника стили заманбап, бирок улуттук кийимди чагылдырат. Үчүнчүсү – каваи “тентек” кыздардын стили. Мында ар кандай ачык түстөгү кийимдерди кийсе болот. Төртүнчүсү – трансформер стили. Мында бир эле кийим 4-5 функцияны аткарса болот. Мейли, куртканы юбка кылып кийсе да, мейли мойунга оронсо да болот.
Сынакта баш байге 100 000 сом, 1-орунга 30 000, 2-орунга 20 000, ал эми 3-орунга 10 000 сом акчалай сыйлыктар коюлган.

Сынакта калыстар тобунун мүчөсү, дизайнер Бурул Мамбетованын айтымында, катышуучулардын эмгегин туура баалап, чечим чыгаруу оңой иш эмес. Анткени ар биринин модага болгон көз карашы ар башка.

- Негизинен кыргыздын этникалык кийимдерине көнүл бурулуп жатканы абдан кубандырат. Анткени мурда Европа, Орусиянын кийимдерин эле карап отурчук эмес беле. Эми минтип кубанарлык иш болуп, кыргыздын өзүнүн кол өнөрчүлүгү бааланып жатат.

Долбоор орус-кыргыз тилдеринде өтөт. Эң кызыгы, ырчылар Гүлнур Сатылганова, Алтынай Нарбаева, Асел Турдалиева, Мирбек Атабеков, Кундуз Канатбек кызы, Даниел жана башкалар чач жасалгалары менен сахнага чыгышат. Алар өздөрүнө жаккан дизайнерлерге сыйлыктарды тапшырабыз деп өз демилгелери менен уюшуп жатышат. Мындан сырткары Опера жана балет театрынын бийчилери да көрөрмандардын көңүлүн көтөрөт.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Bekbolot каяктан: China
16.09.2010 10:54
Эй Акжол! Сени "бул кандай түркөй адам?" - деп бүшүркөп турган чагым! Элдин кыйналганы чындык, бирок саясатка шылтап, элдин жашоо-турмушу кыйын болуп жатат деп эле башканы токтотуп койгон болмок беле? Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дагы кино, искусство деген тармактар токтоп турган эмес! Улуттук колоритти даңазалаган иш аракеттер болуп жатса колдош керек! Же сенин оюнча баарыбыз эле сага окшоп Орусияга кетишибиз керек бекен элди-жерди багыш үчүн?

кимден: la france каяктан: alisa
16.09.2010 02:35
кыргыз маданиятынын тарыхында биринчи жолу Сулуулук чеберлеринин күнү белгиленет...Муну кайсы аклман ойлоп тапкан,жана кайсы доопурос улуксаат берген.Айдаганы 5 эчки ышкырыгы баш жарат....Сулуулук чеберлеринин күнү дебей эле Замира деген айым чогулта турган акчасын болок жол менен чогултуп албайбы.Атагын бул жол менен элге жеткирем деген экен...

кимден: Akjol каяктан: Moskva
15.09.2010 04:07
Aai, Jannat ejeke emneni aitasyz,Olkodo jyldan jylga emneler bolup atkany korup turabyzgo.Bizdin chondorubuz ushintip birin kubalap ekinchisi kelip men kyiratamyn degensip,kyiratbai ele Kyrgyzstanybyzdy kuuratyp buturmoi boldu.Azyryncha moodany koio turup elibizdin jashoo turmushun onop alalychy.

кимден: Жаннат
10.09.2010 22:03
Урматтуу Кыргызстандыктар! Таланттарды колдон буттан алып колдоо керек,мода саясатын жургузуп,женил онор жайын эл аралык аренага чыгарып, Кыргызстанды жаны денгээлге которуу биздин милдет деп эсептейм.

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)