Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:36

Саясат

И. Кадырбеков: БШК эми толук көз карандысыз болот

Конституциялык кеңештин мүчөсү Ишенбай Кадырбеков БШКнын жаңы курамын түзүү, баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча суроолорго жооп берди.

Ишенбай Кадырбеков
x
Ишенбай Кадырбеков
Текст көлөмү - +
- Ишенбай мырза, Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүдө кризистик кырдаал пайда болгону айтылууда. Өткөндө БШКнын төрайымдыгына дайындалган Төлөйкан Исмаилова кызматтан баш тартып БШКнын курамы мурдагы мүчөлөрдөн куралып жатканына нааразы болуп, убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана сизди БШКнын ишине кийлигишип жатат деп айткан эле. Ушул иштин чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- Бул таңкалыштуу нерсе болуп калды. Себеби убактылуу өкмөт бардык партияларга, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдарга сунуш кылган өз талапкерлериңерди бергиле, ар кандай топтон келген адамдар калыс шайлоону, референдумду өткөрсүн деп, ошонун негизинде түзүлгөн болчу. Төрайым болгон адам өзү макулдугун берип, өзү чакырып “мага түшүндүрүп берчи кандай дектерттер болду, кандай өзгөрүүлөр болду” дегенинен түшүндүрүп берген болчумун. Ал мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү БШКнын аппараты менен иштегенбиз, андан кийин аппараттын жакшы иштегенин айтып туруп кеткен болчубуз. Өзү шымаланып жакшы эле баштады эле, түн ичинде эмне болуп кеткени, ким кандай сөз кылганы белгисиз, эртең менен туруп алып эле жанагындай интервью бергенде биз барыбыз таң калып калдык. Кризис жок, себеби мына азыр кайра эле өкмөт сунуш кылды коомдук уюмдарга, алар өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтөт. Аны бекитип туруп, анан иштеп кете беришет.

- БШКнын системасын түп орду менен өзгөртүү керек деген пикирлер айтылууда азыркы жаңы БШК канчалык деңгээлде жаңыртылат, толук кандуу көз карандысыз боло алабы?

- Көз карандысыз боло турганга шарт түзүлүп атпайбы. Мына мисалы БШКга жети партиянын өкүлдөрү кирет. Булар бири менен атаандаш, бир жакка тартып кеткенге мүмкүнчүлүк жок. Ошол эле кезде партияга кирбеген уюмдардан алты адам келип атат. Анысы аз келгенсип БУУдан алты мүчөнү жиберели караганга деген да. Кеңеш берүү укугу менен аларга да мүмкүнчүлүк берилип бардыгы болуп он тогуз болуп атат. Анан ушундай шартта калыс болбогондо анан кандай болот?

- Шайлоо кодекси да жаңы иштелип чыгабы?

- Биздики кызык да, бир нерсе туура эмес болуп калса мыйзамды күнөөлөйбүз. Негизи мыйзам туура, биздин шартка ылайыкталып жазылган. Бүт бойдон чет өлкөлүк экспертизадан өткөн. Бирок ошону бурмалап, бузган бийлик болгон. Ошондуктан жанагы иштеп жаткан кодекске айрым бир өзгөртүүлөдү киргиздик бүгүнкү шартка жараша. Мисалы парламенттик шайлоо болгондо өзүңөр билесиңер 0,5 пайыз ар бир облустан алсын деп туруп “Ата Мекен” партиясын жоготуп ийбеди беле, ушуга окшогон туура эмес нормаларды жокко чыгардык. Ал эми негизинен эки бөлүктөн турат, экөө тең калыс шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү бар.

- Мына конституциянын жаңы долбоору коомчулукка талкууга коюлду, буга чейин парламенттик республика болот деп айтылды эле. Бирок айрым талдоочулар бул сунушталган долбоор жаңы конституция эмес, мурдагы баш мыйзамга эле өзгөртүү, толуктоо киргизилип, толук парламенттик башкаруу көрсөтүлбөгөндөй дешүүдө. Буга кандай дейсиз?

- Негизи бүгүнкү Кыргызстандын керектүү шартына жараша Конституция жазылды, жаңы Конституция деп аталат. Эми бул Конституция бардык өзүнүн схемасы, структурасы - бир эле граждандык укук. Граждандык укук боюнча биздин конституция дүйнөлүк экспертизадан өткөндө жакшы деп эсептелген бардык дүйнөлүк нормаларды алган. Андан кийин бийлик бөлүштүрүү главасы бар, парламенттик же президенттик болобу деген маселелер ошол жерден кымтылган. Мына көпчүлүгү билип, кээ бирлери билбей туруп элдерге туура эмес маалымат берип атат. Эмне үчүн үч бутак бийлик болот? Бул мыйзам чыгаруучу, аткаруу, анан сот бийлиги. Аткаруу бийлиги эң негизги күч мамлекетте. Бизде кандай болгон, эң негизги принцип - президенттик республика деп койбодукпу. Ошол аткаруу бийлигин президент дайындаган. Азыркы конституцияда элдин өкүлдөрү - депутаттар аткаруу бийлигин дайындап калыпка салганга эң негизги укукту парламентке берип атат.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: kyrgyz каяктан: USA
30.04.2010 18:58
Kadyrbekovgo emne ychyn kylmysh ishi achylgandygy, emne ychyn sottolgondygy tyshynyksyz bolyp kaldy. Akyrky kezderde oppozitsianyn katarynan da korynboy kaldy ele je aktalyp chyktyby?

кимден: Адилет каяктан: Нарын шаары
28.04.2010 23:27
И.Кадырбековдун митаам кенештери Кыргызстанды өлтүрөт. Буга маанилүү иштерди ишенүүгө болбойт. Убактылуу өкмөт, эсиң барда этегиңди жап! Ушундай адамдар бүт топтолуп жатса, тарп аңдыган жорудай болуп, анда силерге да ишеним болбойт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.04.2010 20:21
Кыргыздын улуулугуна дагы бир жолу суктансак болот 10 000 адам өз көңүлүнө жакпаган бийликти оодарат 15 адам декреттин негизинде бүт мамлекетти башкарат. 19 адам: « анын ичинде 6сы партияга кирбеген уюмдар кимдин кызыкчылыгын коздойт ал да белгисиз, 6 сы чет элдин жарандары Мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын конституциясын жазат». 5млн.дон ашык киши жашайт Кыргызстанда.
Макул дейли бийлик начар иштеди, качып кутулду. Эми башкасына макул болсо да 1топтун иштегенине макул болбоочулар бир топ эле чыгат го. Эч кур дегенде 7 облустан 7 аксакал чакырып койбойсунарбы.Силер бир укуктук талаада иш алып барсанар болбойбу. Ушул иштердин баарын жургузо турган шайлоо комиссиясын укуктук талаага киргизип койбойсунарбы. « Айылда кимде жакшы бука бар,кунажындын козун ачканы» деп издегендей эле болуп жатат. Силердин окмотунор легитимдуубу озу.
Коомдук талкуу да кандай механизм менен журот. Же мурдагыдай эле УТРК тааныган саясатчылар,акчасы бар бизнесмендер,УО мучолору 2ай кезеги менен,партиялар оз кызыкчылыгы учун ураа,ураа болот да анан референдумга коюлат. Ага чейин УО администартивдик ресурсту ээлеп бутот. Ар бир облуста,ар бир райондо талкуу откоргуло керек болсо,уюштургула,каражатты тапкыла сындап суроо берген менен иш алып барган кандай экенин айырмасын коргуло. «Референдум чечет баарын деп». Азыр бизге окшогон алыста жургондор маалыматты кайсы жерден алышты билбейсин. УО сайты кандай аталат Азаттык дайынын корсотуп койгулачы алыста болсок да силер аркылуу оюбузду билдирип туралы.Шайлоо референдум отсо биз да керек болобуз, андан кийин бюджет толтурганда.

кимден: кубаныч каяктан: москва
27.04.2010 19:02
Канчалык Убактылуу Бийлик кайсыл жагына аракет кылып жатат түшүнксүз.Булардын биринчи урааны"Өткөн бийлик куйруктарынан арабызды тазалайлы,таза инсандардан турган элдик бийлик курабыз"дешсе керек эле.Азыр кандай көрүнүш.Ачыгын айтканда азыркы УБ.Өкмөт курамынан болгону Р.Отунбаева өтмүшү таза болуп, мурунку бийлик менен арасы аччыктай,бирок жумшак муноз корунот,бул айымдын башын оной эле айлантышат,ал биринчи эле кундон байкалган..Калгандары мурунку бийлик менен ар кандай карым катнашта болушуп,бир дасторкондун даамын татышкан.Аларга айтайын дегеним:,өзүңөр эл ишенчин ала албай араң турасыңар,"ийинге кире албай жатып,куйрукка калбыр байлайт болгонуңар"кызык болуп турат.Бийлик баары бир силердики,элим-жерим деген бээ-бечаранын уул-кызы келе албайт,аларга жол жок,силер тамырлашып кеткенсиңер,бул жерде кыйса ар жактан өсүп чыгасыңар.К.Дүйшөбаевти.И.Кадырбековту,жана эски ойунчуларды теледен коруп, фамилядашпы билбеймин А.Сариев,А.Текебаев жана бүткүл аймак боюнча жайнап кеткен оошондогу бээпайдалардын атын угуп"а пешенең кургур кыргызстаным"-дегенге тил буралат.Назарбаев туура айткан экен:"кыргызстанда революция эмес,бийлик үчүн күрөш болду"деп.Натыйжасы көрүнүп эле тургандай.Бул башталышы,кызыгы алдында болсо керек.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)