Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:06

Саясат

Парламенттин курамын кылмышка шектүүлөр толуктайбы?

Шайлоого бара жаткан саясий партиялардын тизмесинде мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштеп жүргөн учурунда, же андан кийин кылмыш иштери козголгон чиновниктер да бар.

(Сүрөттө: Кыргыз парламентинин жыйыны, 19.02.09)Айрым талдоочулар артында "калбыры барлар" депутат болуп келип өзүн коргогон учурлары буга чейин деле болуп келгенин айтышууда.
Текст көлөмү - +
Буга чейин өлкөдөн чыгып кеткен андай адамдардын айрымдары талапкерлердин кол тийбестик укугунан пайдалануу менен кайрадан кайрылып келе башташты.

Нариман Түлеев Бишкекке кайтып келди
Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, 2009-жылдын 16-июлу

Ошолордун бири Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев тергөө органдарына суракка чакырылды. Муну анын партиялаштары саясий куугунтук катары баалашса, айрым талдоочулар кылмышка тиешеси бар деп шектелген чиновниктер депутаттык мандат үчүн күрөшүп, жоопкерчиликтен качкан көрүнүш Кыргызстан үчүн көнүмүш адатка айланды деп белгилешүүдө. Буга чейин кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев 6-сентябрь күнү эрте менен баш калаага учуп келди. Ушул жылдын 14-майындагы Оштогу, Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги бийликти басып алуу аракетине тиешеси бар деп шектелген Нариман Түлеев жакында "Ата Журт" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары бешинчи болуп катталган. Ага мындан сырткары шаар башчысы болуп турган учурда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптоолор дагы тагылган. Мыйзам кылмыш иши козголгон адамга шайлоого барууга тоскоолдук кылбайт жана шайлоо өнөктүгү маалында ага карата тергөө иштери убактысынча токтотулат.

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров мыйзамдын бул талабы одоно бузулуп жатат деп эсептейт:

- Саясий куугунтук улантылып жатат. Нариман Түлеев бүгүн учуп келип конгондо эле аба майданынан эрте мененки саат бештен сегизге чейин үч саат кармап туруп койо беришти. Андан кийин аны саат түшкү экиге келип сурак берсин деген экен. Азыр ал ошол жакта жүрөт. Мыйзам боюнча талапкер болуп катталгандан кийин ага карата тергөө иштери токтотулуп туруш керек эле да. Бул деген мыйзамсыздык эмей эмне?

Мындан бир жыл илгери азыркы “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасынын бири Камчыбек Ташиевге кылмыш иши козголгон. Ага өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган учурунда мамлекеттик каражатты максатсыз жумшаган деген кине коюлуп, бирок ал иш кийин тергөөдөн кыскарган. Жакында аталган партиянын дагы бир мүчөсү Роман Шинге 2002-жылы болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда "Ата Журт" партиясынын тизмесинин  калың катарын  кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп кылмыш иши козголуп сурак берип жаткан мурдагы транспорт  министри Нурлан Сулайманов да толуктайт.

Шайлоого баруу - айрымдар үчүн коргонуу чарасыбы?

Мындан сырткары "Ата Мекен" партиясынан талапкер Равшан Жээнбеков мурдагы бийлик учурунда мамлекеттик мүлк комитетин жетектеп турганда кызматтык абалынан пайдаланган деп кылмышка шектелген болчу. Аттары аталган партиялардан  көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси ушул күнгө карата расмий каттоодон өттү.

БШК төрагасы Акылбек Сариев
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлоодон жеңип келген партиянын тизмесиндеги кылмыш иши козголгон талапкерлерге териштирүү бүткөнгө чейин депутаттык мандат берилбей тургандыгын белгиледи:

- Азыркы шайлоого бара жатышкан партиялардын тизмелеринде мындан мурун кылмыш иштери козголгон адамдар дагы киргизилген. Мыйзам боюнча биз аларды каттабай коюга акыбыз жок. Анткени алардын кылмышкер экендигин сот гана аныктайт. Соттун чечими жок болгондуктан биз аларды талапкер катары каттап, шайлоого аттанууга мүмкүнчүлүк бере алабыз. Бирок тергөө иштери аягына чыкмайын, же соттун чечими чыкканга чейин жеңип келген партиянын талапкери болсо да биз ага депутаттык мандатты бербей турабыз.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп түшкөндөн кийин ага карата кылмыш ишин козгоо өнөкөтү мүнөздүү. Ошондуктан көпчүлүк экс-чиновниктер депутаттык мандат алуу үчүн саясий күрөшкө аттанууну туура көрүшөт.

Талдоочу Табылды Акеров шайлоого баруу чиновниктер үчүн өзүн-өзү коргоонун чарасы болуп калды деп эсептейт:

-Чындыгында артында "куйругу бар" чиновниктердин көпчүлүгү шайлоого барып, депутат болуп келип өзүн коргогон учурлары буга чейин деле болуп келген. Ошондуктан ичип-жеп алып анан ага карата кылмыш иши козголуп калса депутат болуп кеткенден кийин иштери кыскарып кетип жатпадыбы. Ушул сыяктуу аракеттер азыр деле болуп жатат. Кылмыш иштерин жөндөн-жөн эле козгош кыйын. Бирок бизде аны саясий куугунтук деп кыйкырып чыгып жатышпайбы. Ошондуктан жоопкерчилик жок. Бул өзү ооруга айланды. Элдин акчасын жейт, ичет анан ашканына депутат болуп алып, эл үчүн күйгөн адам болуп чыга келген саясатчы сөрөйлөр бизде толтура. Буга кимдин ким экендигин биле албаган биздин эл өзү дагы күнөөлүү.

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого баруучу партиялардын тизмелериндеги талапкерлердин өздүгү текшерилүүдө. Эгерде алардын соттолбогондугу аныкталса, мурда кийин кылмыш иши козголгондугуна карабастан шайлоого барууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Улан каяктан: Нарын
15.09.2010 00:36
Томондогу туугандар туура ой жазып жатат,мен кошулам оюнарга.Бизде олкону талап тоногондор Баатыр болуп чыга келип атканы ич куйгузотда,дагы эле баягылар,буга чейин жыргатпаган эми жыргатып иймек беле.Мамлекетти бытыратып чачып ийгени калды го булар,байкуш карапайым калк кыйналып эле келе жатат,тегеретеге шылдын болуп буттук.Апрель окуясында окко учкан жигиттерибиздин арбагы жон койбосун,созуно турбаган азыркы бийликтегилерди,козунорго жаш алып ант бергенсинер эсинерде болсо,эсинерден чыкса теледен кассетасын алып артка турдуруп карап чыккылачы ошол убактагы Убактылуу Окмоттун мучолору.Элди ушинтип эле алдай бересинерби,деги силерде адамдык жакшы сапаттардан калды бекен.Жанын ачыйт да.Кылмыш иши козголгон адамдар уй турмого бошотулуп чыгып кетип атат,кантип.Миллиондорду уурдагандар чыгат да,тоок уурдагандар кесилип кетет,кантип.Гуревич Казакстанда кармалды деп Бекназаров айтып чыкты эле,кана,качан чыгып кеткенин да билбейбиз и кантип чыгып кеткенин,же жон эле сут эмизип келдинби Азимбек,снайперлерди быжыратып кармадынар ошолор деле турмодо отурганынан кумонмун,алар деле жок фигуралар болуш керек.

кимден: КЫРГЫЗСТАН!АТА-ЖУРТ! КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ! ИЙГИЛИК САГА!
13.09.2010 18:16
Бийликте тургандар кылмышкер болгондон кийин башкага жол болсун.
АТА-ЖУРТ партиясын колдоймун.

кимден: гастер каяктан: Байтер
12.09.2010 22:03
Кеселдин баары жокчулукта, туугандар. Ачуу создор да ошондон. Ушул жигиттер бизнес баштаганда, ач калып- ток калып....
Бизнес деген баарына эле баш бербейт.
Мейли каматтыралы,аттыралы чыгаан уулдарды, эртен ким турат...
Мандай тери менен тапкандарды тескебей, даярга тап,чачканга маштарды эстейли. Мээнетти билген кор кылбайт.

кимден: Мурат каяктан: Бишкек
09.09.2010 10:41

Отунбаева элди тоногон ууруларга, кылмышкерлерге мунапыс берип, аларды коргогонго отту. Силерди курман болгон жигиттердин арбагы урсун! Ошолорду узатып жатканда ууру коррупционерлерди, кылмышкерлерди жоопко тартабыз деп ант бергенсинер! Силерди ант урсун!

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
07.09.2010 19:32
Жада калса партиянын тизмесинде мен тааныган 9-классты бутургон эже журот, куйоосу бир убакта ЭлТРди жеп талап кеткен. Айланайын Мадумаров дагы уялбай "Бутун Кыргызстан" деп алып,олконун атын сатып билимсиздерди топтоп эмне кыласын?Эмне ошол билимсиз коррупционер адамдар бизди башкарыш керек элеби,2 баланы багып жаткан 9-класстын адамы мени башкарат имиш же болбосо ТВда 4жыл иштеп алып,бийликтин структурасына кошуламын деген журналисттер силерге да уят эмеспи?Эгер мени депутат бол десе уялмак элем, менде опыт жок деп,кыргыздардын курсагы тойсо болду,анысы аз келгенсин Бутун Кыргызстан партиясында скорая помощтун айдоочусу журот,УЯТ АЙЛАНАЙЫН. Партияда уялбай эле айтайын Жаныкулов деп журот, ал менин жакын адамым,тууганым. Бирок ал мени кечирсин мынтип жазганыма...Сага ким койду депутаттыкты, саясаттын сысын билбейсин.Ушуга окшош адамдар тойгозду бизди(КРны)

кимден: максат каяктан: Бишкек
07.09.2010 19:14
Аманбол Оштук сен туура айтасын!! Сага ото коп адамдар кошулат!!! Баарыбыз так сен ойлогон ойду ойлоп калдык!!! Ушу баягы эле ууруларды кайта шайлаш керек экен да?? Анда эмне кереги бар шайлоонун?? Бекназаровдон жаман тажадык баягы эле ууруларды колдоп буттап калды!!! Баласы экоо тен бир укмуш эле иш жасап жатышат!! Аны эл коруп эле атпайбы??? Макстын ордун басыптыр го !! Ужас!!! Ушу кишини сылап журчу эле эми жасаган иштерин коруп ким экени тушунуктуу болду!! Канчалык опурулуп жапырылышса да корсотобуз деп Эл эми сатылбайт!! жетишет уурулар!!!

кимден: Шайлоо каяктан: Ош
07.09.2010 18:35
Азимбек акенин кандай адам экендигине козум эми жетти. Мурда аны патриот деп журо берипмин. Ушундай ачкоз адамга ишенген мен акмак

кимден: Аманбол каяктан: Ош
07.09.2010 17:25
Элдин байлыгын тоногон ууруларды, эл бузарларды камап, анан жен ичинен ит жеминдей акча берсе ошого кайыл болуп чыгарып ийген Бекназаровду катуу айткан бийликте адам жокпу?Алайга келгенде барбы, абийирин тогот элек. Азимбек БЭК партиясына жалан кошоматчы, оз позициясы жок жаштарды кошуп алыптыр.Алардын кобу Оштун мэри Мырзакматовдун кол балдары.Алар Бекназаровдо Текебаевге, Атамбаевге, Отунбаевага ж.б. карата компраматтар бар, БЭК отпосо ошолорду элге корсотобуз деп ооз коптурушуудо.БЭКти эл колдосо отобу. Бекназаровду элдин коройун деген козу жок.Бир клоун болдун го.Сен кепилдик берип чыгарган адамдарын Ташиев, Келдибековдорун жалан уурулардан тузулгон партиясын сата турган кыздай мактап, отпосо жанжаал чыгарабыз деп элди коркутуп жатат.Же Азимбек алар менен бир окшойсуз.Эртен жанжаал чыкса бугунку бийликти, досторунду сатып, ал тарапка ото качайын деп жатасызбы?Эми эл алданбайт, эми силерге окшогондорго жол жок.Эмки жол, Чотонов, Исаков, Текебаев ондуу инсандардыкы.

кимден: Таалайбек каяктан: Бишкек
07.09.2010 15:51
Тезинен Убактылуу Өкмөт шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип: Биринчиден - депутаттардын кол тийбестигин алып салыш керек;
Экинчиден -Люстрация жөнүндөгү мыйзамды кабыл алыш керек;
Үчүнчүдөн - Депутаттарга эч кандай льготаларды, кызматтык квартираларды бербеш керек;
Төртүнчүдөн - Айлык акысын министрлердин кызматтарындай койуш керек.
Мына ошондон кийин депутат (жепутат) болом дегендердин изи сууйт. Кыргыз элинин накта патриоттору депутат болушуп, элге кызмат кылуучу мфыйзамдарды жарата баштайт.
Болбосо мындай көрүнүш ар дайым болуп келген жана дагы боло берет. Шайлоого катышкан ар бир партиянын жоопкерчилигин көтөрүп, эгер шайлоодон кийин нааразы болгон партиянын жактоочулары (обычно проплаченные) пикетке чыгып, жолдорду тосо баштаса, келтирилген чыгымдарды ошол партиянын мойнуна коюш керек да төлөтүш керек.. Болбосо ал партиянын жетекчилерин мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартыш керек, албетте келтирилген чыгымдарды төлөгөндөн кийин.

кимден: sama каяктан: kipr
07.09.2010 15:35
emde degen aldam4ilik murdagi ele tonogon jegen i4ken waytandar keldi, ki4ine kudaydan korsonor bolo, bularga jol berbew kerek, ravshan jeenbekov iwi dagi dele buto elek al amerikada 4 jil ka4ip jurdu emi kelip alip kaysi beti menen deputat bolom dep jatat, nariman tuleevdi voobwele ayraportton ari beri kilip saliw kerek bol4u kaysii beti mene kelip jatywat baarin i4ti jedi, kuzar maaldari keldi bulardin...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине