Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:44

Саясат

Кыргызстанда орус тыңчысы колго түшкөнбү?

Youtube сайтында Оштогу этникалык кагылышта өзбек тектүү жарандар жашаган аймакта чагымчылдык уюштуруп, курал-жарак таркаткан жана атайын диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелип кармалган орусиялык жаранды суракка алуу учуру чагылдырылган видео тасма жарык көрдү.

Ошто диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелген орус жараны кармалганы тууралуу интернеттеги тасмадан бир көрүнүш.
x
Ошто диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелген орус жараны кармалганы тууралуу интернеттеги тасмадан бир көрүнүш.
Текст көлөмү - +
Буга биринчилерден болуп Москвадагы "Regnum" агенттиги маани берип, россиялык жаранга диверсант катары айыпталып, жалаа жабылган деген маалыматты жарыялоого шашты.

Чалгынчынын чагымыбы?

Тасмада бети-башы канга боёлгон славян түспөлүндөгү адам жергиликтүү атайын кызматтын өкүлдөрүнө окшош бирөөлөргө сурак берген. Сөз арасында анын Оштогу жаңжал учурунда өзбек тектүү жарандар жашаган аймактардын биринен чыгып келе жатканда кармалып, автоуунасынан бронежилет жана тапанча табылгандыгы айтылат. Аты жөнү айтылбаган бул адам суроолорго мукактанып такалбастан, бирок будамайлап жооп берген.

Талдоочу Олег Панфилов жооп берип жаткан адам Орусиянын аскердик чалгын кызматынан болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Биринчиден, мен тасмадан көп жылдык даярдыгы бар, мындай учурда өзүн кантип алып жүрүүнү билген, чымыр денелүү, моралдык, физикалык даярдыгы гана эмес, жергиликтүү шартты жакшы өздөштүргөн аскер чалгынчысын көрдүм. Ал жооп берип жатып сөзүнүн арасында атайылап “иншалла” деп жатпайбы. Муну жөнөкөй орус адамы айта албайт. Анын жергиликтүү тилдерди да жакшы түшүнө тургандыгы байкалып турат.

Тасмада кармалган адам жашы отуз сегизде, Россиянын Новосибирь шаарынан экендиги жана Москвадан Ошко каттаган учактардын биринде учкуч болуп иштегендиги боюнча көрсөтмөлөрдү берген.
 
Видео тасмага шашылыш комментарий

Орусиянын атайын кызматтарына жакын деп эсептелип келген “Regnum” агенттиги тасмадагы кармалган адамдын жоопторун бурмалап, сурак коркутуп-үркүтүү менен коштолгондугуна басым жасаган маалымат жазып чыкты. Анда Россиянын жаранына этникалык кагылышуу учурунда курал-жарак таркаткан жана диверсиялык иштерди жасаган деп жалган жалаа жабылгандыгы айтылат.

Мурдагы чекист Орозбек Молдалиев орусиялык “Regnum” агенттигинин Youtube сайттына койулган тасмага шашылыш маани бергендигинде мандем бар деп эсептейт:

- Бул тасманын чыгып кетишине карата ушунчалык тез реакция жасалып жаткандыгынан деле байкаса болот. Алар маалымат расмий эмес болсо дагы, буга чейин чыгып кетет деп чочулап, аны бурмалаганга даяр турушкан. Анан тасмада кармалган адам туткундалып токмок жеп тургандыгына карабастан суракта өзүн аябай ишенимдүү кармап турганы эмнени каңкуулайт. Бул атайын кызматтын адамы экендиги бир караганда эле көрүнүп турбайбы. Эми анын тергөө үчүн канчалык мааниси бар деген маселени карашыбыз керек. Ошондуктан тез арада тасманын чыныгылыгын аныкташ керек.

Унчукпоо да саясат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы сурак тасмасы жарыяланып кеткен орусиялык аскер тыңчысы деп шектелген адамдын чындыгында эле кармалгандыгы боюнча маалыматты төгүндөгөн, же болбосо тастыктаган да жок.

Аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Рысбек Быкын уулу учурда июндагы этникалык кагылыштын чыгышына чагым салды деп шектелгендердин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Кандуу окуяга байланыштуу бардык эле тергөө иштери бүтө элек да. Ошондуктан азырынча эч нерсе деп айта албайбыз. Мүмкүн бул боюнча прокуратура иш сотко кеткенден кийин эле маалымат жарыялабаса, азыр биздин өзүбүзгө да айтышпайт.

Тасма чын экени аныкпы?

Анткен менен Youtube сайтында колго түшкөн орусиялык аскер чалгынчысынын сурак берген учурун ичине камтыган видео тасманын чыныгылыгынан күмөн санагандар да аз эмес. Айрым серепчилер диверсиялык иштерге шектелип кармалган чет элдик тыңчыны уруп согуу жана аны ошол кебетесинде тасмага түшүрүп коомчулукка жарыялоо усулу улуттук коопсуздук кызматынын иш тажрыйбасына кирбейт деп айтышат.

Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков аталган тасманы мамлекеттер ортосуна от жагууга багытталган чагымчыл материал катары баалады:

- Менимче, муну кайсы бир адамдар же кандайдыр бир күчтөр атайылап чагым жасаш үчүн ойлоп табышкан. Алардын максаты Кыргызстан менен Россиянын ортосуна от коюп чатак салуу аракети болушу да мүмкүн. Буга жөн эле күчтөр эмес кайсы бир мамлекеттердин атайын кызматтары да аралашкан болсо керек. Орус улутундагы орус жаранын кармап алышып, сабап жатышат деген сыяктуу түс берүүгө да далалат байкалат. Бул жерде кандайдыр бир оюндар башталып жаткансыйт.

Ойго келбеген окшоштуктар

Орус бийлигине карата жазып жүргөн ачуу сын макалаларынан улам куугунтукталган талдоочу Олег Панфилов Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык кагылышуунун башталышын токсонунчу жылдардын башындагы Тажикстандагы жарандык согуштун от алып кетишинин себептери менен окшоштурду.
 
Олег Панфилов эки кырдаалда тең Орусиянын геосаясий кызыкчылыгын сактап калууга байланышкан атайын чагымчыл аракеттер орун алган деп белгиледи:

- Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялардан улам, мындан он сегиз жыл мурун болгон Тажикстандагы жарандык согуштун кантип башталып кеткендиги эсиме түштү. Мен Тажикстанда жашап турган учурумда ал аймактагы Россиянын 201-дивизиясынын аскер жетекчилери эки тарапты кантип кайраштыргандыгына күбө болгомун. Мына бул тасмада сурак берген тыңчыга окшогон адамдар эки тарапка тең курал-жарак таркатып, алардын ортосуна от койгон. Россиялык аскер чалгынчылары уюштурган чагымдын башкы максаты – Тажикстанда өз таасирин жана геосаясий кызыкчылыктарын бекемдеп калуу аракети болчу. Айырмасы анда максаттары ишке ашкан. Бул жолкусун ийгиликтүү өттү деп айта албайм.

Кимдер эмнеге кызыкдар?

Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кандуу кагылышууларга алып келген окуялардын чыгышына жана тутанып кетишине үчүнчү күчтөрдүн тиешеси болгондугун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бир нече жолу жарыялаган. Талдоочулар арасында чагымчыл аракеттердин максаты бир гана Кыргызстанга гана эмес, коңшулаш Өзбекстанга жана Тажикстанга карата багытталышы мүмкүн деген божомолдор айтылып келет. Анын негизги себеби катары жыл өткөн сайын өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракеттенип, колдон жылмышып бара жаткан Борбор Азия аймагын өзүнүн таасирине кайтаруу аракети болушу мүмкүн.

Талдоочу Орозбек Молдалиев мына ушундай өңүттөн алып караганда июндагы этникалык араздашуунун чыгышына Орусиянын атайын кызматтарынын тиешеси бар деген тыянакта:

- Мен өзү үчүнчү күч деп тергебей эле Россиянын атайын кызматтарынын түздөн түз кийлигишүүсү деп эле ачык айтып жүрөм. Анткени ар бир нерсеге акыйкат жана кылдат иликтөө кылып, салыштырып көрсө эле жыйынтык чыгып калып жатпайбы. Үчүнчү күч деп дайыны жок болгон күчтөрдү аташат. А бул жерде дайыны, бороон кайсыл жактан болгону даана эле көрүнүп турбайбы. Мисалы үчүн Россиянын жооптуу кызмат адамдары жана аларга жакын адамдар аркылуу жаңжал башталганга чейин жана ошол учурда ар кандай мүнөздөгү ушак-айыңдар атайылап таркатылып жаткандыгына күбө болбодукпу. Тополоң учурунда аны күчөткөнгө болгон аракеттер жүрбөдүбү. Алгач коркутуу, бирин-бири жек көрдүрүү, анан аягы башкарылган хаос. Ушундай схема боюнча иштешмек.

Кандай болгон күндө да интернет сайттары аркылуу коомчулукка жарыяланып, Москвадагы расмий “Regnum” маалымат агенттигинин көңүл буруусуна арзыган видеотасманы текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгы келип чыкты.

Серепчилердин баамында, эгерде тасманын чыныгылыгы аныкталса жана курал таратууга катышы бар деп шектелген аскер тыңчысынын кармалгандыгы расмий Бишкек тарабынан тастыктала турган болсо анда ал кандуу калабанын чыныгы себептерин ачыктамак.

Youtube сайтына коюлган тасма болсо коюлгандан көп өтпөй дароо эле, 5-сентябрга карай алынып салынган.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жумабай каяктан: Кыргызстан
13.09.2010 22:26
Апрелдеги тополонду чыгарган уюштурган Россия муну дуйнонун баардыгы билип турат.Созсуз биздин оз алдыбызча жашаганыбыз Россиянын жетекчилерине жакбайт озгочо Медведовко ал ар нерсени айтып кыргыздарды мазактады кантип ушул адам Россияны башкарып жатат В.Путинге рахмат ушул адамга чыдаганга.Кудай буюруса бардыгы жакшы болот.

кимден: 0811 каяктан: berlin
12.09.2010 12:04
jeekte turup alyp suuda suzgondu uirotkon kemchontoilordun kesepeti. Eger kurdaal ushundai onukso 5 juldan son tushtuk kyrgyzstan paida bolso tan kalushtun keregi jok!

кимден: Аныктык каяктан: Ош
12.09.2010 11:05
Мен оз оюмду кыскача билдирейин: 7-апрелди орустар жасады. Бакиевди орустар кетирди. Анын 3 себеби бар: 1-си Бакиев АКШнын авиабазасын чыгара албады. 2-си Кытай, турк, ислам мамлекеттери менен Бакиев туз эле (орустардын макулдугусуз!) суйлошуулорду жугузо баштады. 3-су жогорудагы 2 себепке байланыштуу, орустар Кыргызстандан кол жууп каларын сезип калды. Башка себеби жок! Ош, Жалалабадды да орустар канга боеду. Анын да 3 себеби бар: 1-си Кыргызстандын убактылуу бийлиги америкалашып (европалашып!) кетти. 2-си Каримовдун кулагын бурап, тартипке салгысы келди. 3-су Орто Азияда орустар оз таасирин кучотууну каалады. Башка себеби жок. Эми окуялар мындан ары кандай онугот. 1. Орустар тажикстандагы кылмышкерлердин колу менен Туштук Кыргызстанды "коркута" берет. 2. Ал эми кыргыз бийлиги Грузия сыяктуу ашкере америкалашып кетет. 3. Ошко, же Туштукко орустар аскердик базасын курууга бел байлайт. 4. Ал эми АКШ болсо "сен буерде (Ошто) база ачсан, мен тажикстанда ачам" деп ультиматум коет. Жыйынтыгында экоосу да мээлеген жеринде база ачууга жетишет. 5. Орустар Оштон жана Жалалабаддан качкан озбек тектуулорго оз атуулдугун берууну тездетет. Анткени, аз убакыттан кийин орустар Ош жана Жалалабадда пайда болгон оз атуулдары аркылуу "билген ырын ырдап турууну" каалайт. 6. Бирок, булардын ыплас пландары ишке ашпай калган мезгилде дуйнодо чон озгоруу кутулот. Ал ОЗГОРУУ: козго корунбогон, бирок акыл менен туюлуп учурда реалдуу турмушта жашап жаткан Борбордук Азиядагы Туркистан ислам мамлекети ачыкка чыгат. Жети мамлекеттин чегаралары ачылып, дуйно жузун дунгуроткон жаны держава пайда болот. Бул мамлекеттин ачыкка чыгышы Россия менен Американын (Европа), кийинчерээк Кытайдын да куну бутуп баратканынан кабар берет.

кимден: gül каяктан: turkiya
11.09.2010 19:29
kazakstan dagı borborunAlma-Atadan Astanaga kotordular,bızdinda borborubuz Oşko kotorulsa azırkı opurtalduu kırdalda jaman bolbos ele degen oydomun,jakşıraak közömöldö bolotele deym.evro standartka ılayık üylör da kurulsun,össün,mına çet mamleketterde es aluu parktarda,ar bir kvartaldarda,etaj üylördün {besetka} degen jerlerdin orduna ötö bışık kaçestvennıy,sport trenajorloru ornoşturulgan,grajdan-n den soolugun çındoogo,birda tıyın berbeden eşikte turgan trinajorlordo,sergek jaşoo,emne üçün bizde jok,mamleketibiz üçün uşu kıyın ışpi?Anan üylördün salınışı,misalı Bışkektin tegerek çetindegı üylör alardın tualetteri korosunun çetinde,hotya borbor şaarıbız,a bul jaktarda birinçi kezekte şaardın sırtkı körünüşünö maani berişet eken,bizdikine okşop kak popalo vremyanka saldırtpayt,4-5üy bülö çogulup 2-3kattuu çakan,tegeregi bakça bolgon,tualet,vanna,körkömdüü balkonu menen kurulat eken,emne üçün bizdin arhitektor-r,alek emes,maselen Sarskoe selodogu 1osobnyak üygö 3üy bülö jaşayt ele,karapayım kalk da sovremennıy jaşayt elek. Sızderden ötünüç şaardı körktöndürüçülörgö menin sunuşumdu okutup koysonuzdar,rahmat

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.09.2010 23:22
ошол видеонун ссысылкасы кимде болсо жонотуп койсонуздар жакшы болмок

кимден: Gost каяктан: Bishkek
09.09.2010 16:56
Talashyp tartyshuudan murda Bul Suroolorgo zhoop izdeylichi:
1. Kyrgyzstan ozunun ichki zhana syrtky sajasatyn bashkara ala turgandaj kuchtuubu?
2. SSSR tarkagandan kijin Kyrgyzstan SSRDin muraskoru bolgon Rossijanyn taasirinen zhana bashkaruusunan kutula aldyby?
3. Sajasatchylarybyz zhana ilimpozdorubuzdun abaldy taldaganga, chechmelegenge zhana zhyiyintyk beruuchu chechimderdi kabyl alganga kudureti zhetebi?
4. Kyrgyzstan Rossijanyn zhe bolboso bashka olkolordun ichki zhana syrtky sajasatyna taasir tijgize alaby?
5. Bul uchun sapattuu kadrlar barby, bolso alardy koldonup zhatabyzby?
Menin ojumcha bul suroolordun kopchuluguno zhok dep berebiz. Oshon uchun biz zhana bijliktegiler oz aldybyzcha bir nerse kyjratyp ijdik dep ajta albajbyz. Oshonduktan ZHAMANDY KONOGU BİYLEYT. Biz ZHAKSHY bogondo gana baardyk baleeden kutulabyz.

кимден: Аныктык каяктан: Ош
09.09.2010 11:18
Бишкектен Айкол деген неме атына жарашпаган создору (Каргыш) менен элдин кыжырына тийиптир. Биз качанга чейин Бакиев деп отуруп, сырткы кучторго куурчак, таланды боло беребиз. Бакиевдер бутту! Ал эскирген тема! Алар азыр элди канга боемок тугул озун, куноосун эптеп жаап-жашыра албай бушайман. Жалалабадда башталган тополонду "Бакиевдер жасады!" деп озун-озу алдап отура бергени учун кандуу тополон Ошко уланып кетти. Эми дагы Бакиев деп отура бербей кырдаалды колго алыш керек. Тышкы тынчылар толуп кеткен: сары-суру адамдар, кумондуу туристтер ушул тапта да кызыл, сары номерлуу машинелери менен Ош жана Жлалабадды аралап журот. Аларды "сен кимсин, кайдан келдин, максатын эмне?" деп сураган киши жок.

кимден: Айкол каяктан: Бишкек
07.09.2010 19:06
Бул видео созсуз душмандардын жасаган монтажы!!! Россия менен кантип мамилени бузуш керек деп жанталашкандардын иши!!! Дагы эле баягы карышкыр коз макстын жасаган иши экени корунуп турат апачык эле аны ким жасады деп ойлонуп да кереги жок!!! бакийлердин очередной душмандыктары!!! Постоянно кипиш кылабыз дебеди беле!! Бул да акыркы душмандыктары эмес. Бул жузу каралардын, бакийлерден эн укмуш кылмыштарды жасагандарынын кубоосу болуп эле жатабыз го!!! 7- апрель, Маевка,Ош , жалал абад бут ошолордун кылган иштери канкорлор!!! Алар канга али тоё элек !!! Каргыш тийсин ошолорго!!! Каргыш!!! Кылымдан кылымга откон каргыш буларга тукумдарына!!! Азаттык сураныч чыгарып койчу ушуну, ичибиз орттонот тим эле ушу акыбалга калганыбызга!!!

кимден: жайнак каяктан: Бишкек
07.09.2010 18:57
Назгул деп жазган адамга: Россия жонундо кайдагы жалаа жаап куноо коюш сенин эч кандай жарандык укугун эмес!!!! Себеби бул ото кылдаттыкты талап кылган саясий мамиле жонундо журуп жаткан иш!! Ошон учун байкап суйлочу!!! Баягы озубуз аран кырдын кырында кылтылдап турганда ары коздой оодара чаппай!!! Элдин, кыргызстандын келечегин ойлогон кыргыз мындай бузукулук созду айтпайт!!! Россияда жургон миндеген жарандар жонундо эмне ойлонбойсун!!! Алар да биздин эл бала чака!!! Силердин ушу бузуку созунордон кийин РФ аларды кууп чыкпайбы казактардай болуп??? Ойлогун!!!

кимден: Максат
06.09.2010 17:10
РФнын бийлиги оздорунун массалык маалымат каражаттарында ар-кандай Кыргызстандагы саясий окуяларга кичине этияттап комментарий беришсе болмок. Себеби биздин Кыргызстандын кобунчо эли телевидение менен газеттен окуган маалыматты документ катары корушот, анткени биздин адамдар кээ бир саясий кучтордун ар кандай чындыкка жатпаган маалыматтарды атйын таратышарын тушунбой жатпайбы. Ал эми Оштон кармалган Россиянын жараны, Россиянын Кыргызстанда болуп откон окуяларга туз тиешеси бар экенин кошумча тастыктап турбайбы.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)