Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:44

Эл үнү / Коом

Ош: ар кандай айың кептер элди чочутууда

Орозо бүткөндөн кийин түштүктө кайрадан улуттар аралык чатак башталат деген айың кептер Рамазан айынын акыркы күндөрү жандана баштады. Күч органдары болсо аймактагы кырдаал толук көзөмөлдө экенин билдирди.

Оштун борбордук базары
Текст көлөмү - +
Бийлик, муфтият жергиликтүү имамдар менен бирге ар кандай чагым салуулардын алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

“Орозодон кийин эмне болот?”

Орозо айынын бүтүшү түштүктөгү коогалаңдын башталышына үч ай толушуна туура келет. Айрым маалыматтар боюнча, улуттар аралык кагылышууга алып келген чатак 10-июнь күнү кечинде Ош шаарындагы мечиттердин биринде айтылган азан менен атылган салюттан кийин, “динсиздерге өлүм” деген чакырык менен башталган. Ушундан улам мусулмандар үчүн ыйык болуп эсептелген Орозо айынын бүтүшү менен кайрадан кырдаал курчушу ыктымал деген кооптуу ушак күн өткөн сайын күчөп келет.

Расмий бийлик мындай айыңдарды Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн күчтөр атайын таратып жатканын белгилеп, муфтият менен бирге ар кандай чагымчылдыктардын алдын алуу аракеттерин жүргүзүүдө.

Муфтий Чубак ажы Жалилов Орозо ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтат:
Муфтий Чубак ажы Жуманов

- Орозодогу окулган намаз убагында, күнүгө жүргүзүлгөн ооз ачаар мезгилинде дин ишмерлери, жергиликтүү активисттер менен чогуу мусулмандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык. Аларга ар кандай чагымчыл күчтөрдүн чакырыгына алдырбагыла, андан эч кандай жакшылык болбойт деп айтып жаттык. Бизге милиция кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары да чоң көмөк беришти. Түшүндүрүү иштеринен тышкары биз Алла-талаадан дагы “элге тынчтык, биримдик, өз ара түшүнүшүү бере көр” деп тилеп, дуба кылып жатабыз.

Чубак ажы Жалилов өлкөдөгү кырдаалды солкулдатууга аракеттенген күчтөргө каршы түшүндүрүү иштери Айттан кийин да улана берерин кошумчалады.

Июнь коогалаңынан кийин мамлекеттик бийлик, күч кызматтары өзбектер менен кыргыздарды жараштыруу максатында түрдүү аракеттерди жасады. Эки элге кадырлуу адамдар, белгилүү инсандар Фергана өрөөнүн мекендеген элдин эзелтен ынтымакта жашап келгенин белгилеп, мындан ары да тынчтыкта, ынтымакта жашоого чакырып жатышты. Айрым талдоочулардын пикиринде, мындай көргөзмө иштер чатакташкан элдин тынч жашоосун андан ары улантып кетүүсүнө өбөлгө болуп бере албайт, мындай учурда мамлекеттик бийлик тиешелүү чараларды да көрүүгө тийиш.

Ушак-айыңдар каяктан чыгууда?

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин ою боюнча, улуттар аралык чатакты болтурбай коюуга убактылуу өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар болчу, мындан ары да ар кандай айың кептерди таркатуучуларга карата бийлик катуу чараларды көрүүгө тийиш:
Каныбек Осмоналиев

- Июнь окуяларын болтурбай койсо болот эле. Коопсуздук кызматы дагы, убактылуу өкмөт абдан пассивдүү иштеди. Ошондуктан дооматтар бар. Эми мындан ары бийлик системалуу түрдө иш алып барып, социалдык маселелерди чечиши керек. Мындан тышкары мамлекет өзүнүн конституциялык нормага туура келген чараларды иш жүзүнө ашырса болот.

Ушул тапта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келүүчү ар кандай баракчалар, видеотасмалар ачык эле таратылып, июнь коогалаңынын тасмалары базраларда болбогон акчага сатылып жатканына, мындан айрым басма сөз каражаттары да четте калбаганына нааразылыктар көп. Ар кандай гезит беттеринде өзбек-кыргыздарга байланыштуу такталбаган маалымат, ушак-айыңдар ачык эле жазылып жатканына кабатырланган Ноокат районунун тургуну, укук коргоочу Набижан Каримбердиев бийлик мындай маалымат каражаттарына карата тиешелүү чараларды көрсө болбойбу деген суроо коет:

- Ар кандай чагымчыл темаларды коюп алып, гезиттер каалаганын жазып жатышат. Мына Ноокаттагы өзбектер бала-чакаларын Өзбекстанда жашырып келип, улан-кыздарын тоолордо кыргыздарга каршы машыктырып жатышат деп жазып чыгышты. Бул таптакыр туура эмес. Мен мыйзамды коргогон укук коргоочу катары мунун бардыгын толук жокко чыгара алам. Мына ушундай маалымат каражаттарына чара көрсө болбойбу?

Орозодон кийин түштүктө улуттар аралык араздашуу күч алат деген айың кептер менен катар бир катар чет мамлекеттик маалымат каражаттары июнь коогалаңы ар кандай радикал исламчыл күчтөр үчүн Фергана өрөөнүндө халифат орнотуу аракетин жандандыруу үчүн себеп болуп калды деп жазышууда. Андагы маалыматтар Ооганстандагы ар кандай экстремисттер өздөрүнүн күчтөрүн ооган-тажик жана ооган-өзбек чек араларына жылдырып жаткандыгын баяндайт.

Ислам таануучу Кадыр Маликов мындай болгон шартта кыргыз бийлиги өлкөнүн бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн сактап калууну көздөсө, исламдын баалуулугун туура пайдалана билүүсү керек деп эсептейт:
Кадыр Маликов

- Ооба, коркунуч бар. Ошондуктан, эртең Орозо айт күнү, мусулмандардын ыйык майрамында президент Роза Отунбаева элдин алдына чыгып, мусулмандарга, кыргыз, өзбек жана башка улуттарга кайрылуусу керек. Ал мамлекет башчы катарында гана эмес, аял, эне катары бардык улуттардан өлкөнүн эгемендигин, элдин тынчтыгын, үй-бүлө, бала-чаканын бейпилдигин суранышы, ошол эле учурда талап кылышы керек. Учурда мамлекеттик бийликтин алдында экономикалык кызыкчылык эмес, эң биринчи орунда коопсуздук маселеси турат. Мындай учурда ислам дин катары гана эмес, идеология катары радикал исламчыл күчтөрдүн ар кандай чагымына каршы тура алат, ошондуктан, бийлик исламды идеологиялык ресурс катары туура пайдалана билүүсү шарт.

“Орозо бүткөндөн кийин эмне болот?” - деп кооптонгон элди атайын кызматтар ушак-айыңга алдырбоого чакырды. Ал эми күч органдары өлкөнү дестабилдештирүүгө жол берилбесин, бул үчүн күч, мүмкүнчүлүк жетишерлигин айтышууда.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Рома каяктан: Карамык
14.09.2010 03:04
Кимдерге:
Кыргыз болбой баратам!
Кыргыз каяктан: россия
Сезим каяктан: Ош
Кагылайын КЫРГЫЗДАР силерге не болду. Кимдир биро уялам, тоноду деп жазыптыр.
Эгерде уялсанар башка мамлекетте журо бергиле. Военный трофей дегени бар. Ошто эч нерсе калбады деп жазыпсын. Ошто кудайга шугур баары болот. Аман болсок. Савет,Папан,Алай кыскасы КЫРГЫЗ элиме ЧОООҢ РАХМАТ Алар келбегенде Сезим сезип турасынбы не болмок.
Биронор всё достали дептир мен сурайт элем мындай дейт; А что именно,ТЫ,сделал,что бы жизнь в Кыргызстане стала лучше?
29 партия 29 болунду депсин. Кыргыздар илгертен уруу болуп жашаган. Элестете бер 29 чон уруу бар деп. Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы дечу беле, 29 баш ойлонот. Кыргызстаным учун.
Биримдуу болсок 1000 жыгабыз. Ырыс алды ынтымак.

кимден: Акыйкат каяктан: Ош
12.09.2010 11:26
Менин оюмча эми окуялар мындан ары тонокудой онугот. 1. Орустар тажикстандагы кылмышкерлердин колу менен Туштук Кыргызстанды "коркута" берет. 2. Ал эми кыргыз бийлиги Грузия сыяктуу ашкере америкалашууну токтотпойт. 3. Ошко, же Туштукко орустар аскердик базасын курууга бел байлайт. 4. Ал эми АКШ болсо "сен буерде (Ошто) база ачсан, мен тажикстанда ачам" деп ультиматум коет. Жыйынтыгында экоосу да мээлеген жеринде база ачууга жетишет. 5. Орустар Оштон жана Жалалабаддан качкан озбек тектуулорго оз атуулдугун берууну тездетет. Анткени, аз убакыттан кийин орустар Ош жана Жалалабадда пайда болгон оз атуулдары аркылуу "билген ырын ырдап турууну" каалайт. 6. Бирок, булардын ыплас пландары ишке ашпай калган мезгилде дуйнодо чон озгоруу кутулот. Ал ОЗГОРУУ: козго корунбогон, бирок акыл менен туюлуп, учурда реалдуу турмушта жашап жаткан Борбордук Азиядагы Туркистан ислам мамлекети ачыкка чыгат. Жети мамлекеттин чегаралары ачылып, дуйно жузун дунгуроткон жаны держава пайда болот. Бул мамлекеттин ачыкка чыгышы Россия менен Американын (Европа), кийинчерээк Кытайдын да куну бутуп баратканынан кабар берет.

кимден: Тоолук каяктан: ОШ
11.09.2010 19:04
кимден: Сезим каяктан: Ош
Айланайын Сезим томнку жазгандарыма конул буруп кой!Ошол Алай,Совет, Папандан келгендер деп сен жек коруп жаткандарга мин мертебе ыраазычылык билдиришибиз керек.Алар деген оз омурлорун тобокелге салып мамлекеттин бутумдугун сактап калды. Алар бир нерсе уурдап калайын деп келишкен жок. Эли жерин суйуп мекенчил болгондуктан келишти.

кимден: Айза каяктан: Бишкек
11.09.2010 12:09
Сезим. Оштонго.
Оштук кыргызды армия, милиция келе электе ошол тоолук кыргыздар, алайлыктар, папандыктар коргоду. Жалал-Абад, сузактыктарды көк-артыктар, Базар-Коргондуктарды беш-бадамдыктар, кабалыктар ж.б. коргоду. Жүрөгү өлүп кала элек, өлүмдөн коркпогон тоолуктардын амандыгын тилейли андан көрө. Көпчүлүк деген көпчүлүк экен, тополо\до анча-мынча чүпүрөк алып кеткендер да болгондур. Ошолордун айынан ок кечкен, от кечкен балдарга, биздин, кыздардын намысын коргойм деп он гүлүнүн бири ачыла элегинде шейит кеткен балдардын арбагына доо кетире көрбө. Чүпүрөк жерге кирсин, кыргыз эч качан өлүү дүйнөнү жоготконго кейиген эмес. Баш аман болсо, өлүү дүйнө табылат.

кимден: Патриот Н. каяктан: Папани
10.09.2010 20:34
Айланайын Сезимка сага окшогондор уялымыш болуп кыргызды куурутмай болуп жатат. Ар бир кыргыз атуулу башын бийик көтөрмөйүн эл боло албайбыз. Кыргыз тарыхы терээң улуу калк. "Дүйнөдө жаман эл жок, жаман адаттар бар" (Г.Н.Волков). Сен ушунча катуу уялсан, башка мамлекеттке кетип кал, ага укугуң бар. Экинчиден папандыктар... келип.. депсин, папандыктар 1990-жылы эле күйгөн патриот болушуп, алар бул жолу коогалаңга катышышпады кагылайын Сезим, ойлоп сүйлөгүн ээ мындар ары.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.09.2010 19:10
кыргыз
элиме тынчтык каалайм!

кимден: Жаны лидер каяктан: Кара-Кулжа
10.09.2010 14:27
Ушак да жон жерден чыкпаса керек. Бирок биз ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек!!! Провокация кылуучулардын катыгын оз колуна береерибизге ишенем. Саясатчылар оз кызыкчылыктарын элдин тынчтыгынан жогору коюшууда. Бектер кетет эл калат!!!

кимден: Патриот каяктан: Ош
10.09.2010 13:51
Россиядан жазган кыргыз, сен кыргыз болгондон тажасан Кыргызстанга келбей эле кой!!!

кимден: патриот каяктан: Ош
10.09.2010 13:46
Оштук Сезим, созунду абайлап суйлоп жургун. Биз эч качан болунбойбуз!!!!!!!!!!!!!!! Сага окшогон кыздарды куткарабыз деп канчалаган Советтиктер, Алайлыктар олуп кетти!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.09.2010 13:42
кимден: Сезим каяктан: Ош
10.09.2010 11:08

Сезим, намыстанба, уялба, чокпо! Башынды жогору которуп, кыргыз болгонуна ыраазы бол. Бул болуп аткан корунуш убактылуу нерсе. Баары жайында болот. Жашоо жакшы. Ишенесинби, кундо эртен менен туруп кунду коргон -бул озунчо бир бакыт! Сенин чыдамын аздай корунот, бат эле женилгендейсин. Ар дайым бар бол, кыргыз бол. -Урмат
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу