Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:26

Саясат

АКШ окуу борборун Баткенге эмес, Тажикстанга ачат

Эки жыл мурун Кыргызстандын түштүгүнө антиреррордук борбор ачуу боюнча АКШ менен башталган сүйлөшүүлөр аягына чыкпай, июль айында бир козголуп, ачык бойдон калган.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Тажикстанда, 2010-жылдын 1-сентябры.
Текст көлөмү - +
Бул арада АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк “Коммерсант” басылмасына берген маегинде Вашингтон Тажикстанда окуу борборун ачканы жатканын ачыктады.

Муну менен Кыргызстанда окуу борборуна байланышкан маселеге чекит коюлабы? Кыргызстанда азыр окуу борборун ачуу зарылчылыгы барбы? Бул суроолордун айланасында президенттик администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Таабалдиев “Азаттыкка” маек курду.

- Кыргызстандын түштүгүндө антитеррордук окуу борборун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр эки жыл мурун башталып, ага 5, 5 миллион доллар каражатты АКШ жардам катар бөлөрү белгиленген. Бул маселе 7-апрель ыңкылабынан кийин токтоп калып, бирок июль айында кайра козголгондой болду эле. Эмне себептен бул маселе дале ачык бойдон калып жатат?
Бусурманкул Таабалдиев

-  Азыр АКШ Тажикстанга борборду кура турган болуп жатыптыр. Массалык маалымат каражаттарында чыкты. Түштүктөгү абал турукташпай жаткандыктан окуу борбору Кыргызстанга эмес, Тажикстанга курулганы жатат деген маалыматтарды мен да интернеттен окудум.

- Ушуну менен Баткенде борбор ачуу маселесине чекит коюлду деп айтууга болобу?

- Азырынча чекит коюлду деп айтуу кыйын. Мүмкүн чекит коюлар, мүмкүн каралып калар. Азыр ушундай деп айтуу эрте болот го. Анткени ал саясий шарттарга байланыштуу. Бирок азырынча мындай борбор кереги жок деп ойлойм.

- Кыргызстанда мындай борбор ачылбай калды дейли. Өлкө анда мындан кандай утушка ээ болот же эмне уттурат?

Буга чейин Кыргызстан америкалык борборлорсуз эле жашап келген. Мындан ары деле өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр бар. Өзүбүздүн мамлекетти өзүбүз башкарып, өзүбүз чек ара кызматына, аскер кызматтарына шарттарды түзсөк, сырттан болгон коркунучтар, можахед болобу башкалардын жолун тосконго, аларга бөгөт койгонго мүмкүнчүлүк бар.

- Демек Кыргызстан эч нерсе уттурбайбы?

-  Машыктыруучу база болбосо Кыргызстандын жашоосу токтоп калбайт. Эч нерсе уттурбайт.

- Эмне үчүн АКШ борборун Кыргызстанга эмес, Тажикстанда жайгаштырганы жатат?

- Бул суроону аларга бериш керек. Мен биле албайт экем.

- Муну АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин салкындоосунан кабар берет десек болобу?

-  Мен азыр Тышкы иштер министрлигинде иштебегенден кийин жалпы АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди салкындап кетти деп айтышка азырынча негиз жок деп ойлойм.

- Роберт Блейк Кыргызстанда окуу борборун ачуу маселесин кароо үчүн АКШ жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтөрүн билдирген экен. Алар эмне үчүн азыркы Убактылуу өкмөт менен сүйлөшпөй жатат?

- Жаңы өкмөт келерине 20 күндөй эле убакыт калды. 20 күндүн ичинде стратегиялык маселелерди чечкенге кандай кажет бар. Чечиле турган маселелер бул күндөрдөн кийин деле чечилет. Туура эле, менин оюмча. Ким деле болсо ошентип ойлойт да. Жаңы өкмөт келсе, ошолор менен сүйлөшөбүз дегендин эмнеси бар экен? Бир жылдан кийин, эки жыл, беш жылдан кийин жаңы өкмөт келсе сүйлөшөбүз десе анда бир жөн.

- Бирок 20 күнгө чейин деле убакыт бар эле да?

- Бул "ассалому алейкум" деп эле бир сааттын ичинде чечиле турган маселе эмес да. Бул убакытты ала турган маселе. Бир жолугушуу менен эле чечип коюу мүмкүн эмес. Жаңы өкмөт менен сүйлөшөбүз десе анда негиз бар болсо керек.

- Азыр Кыргызстанга жардамга донорлордон келчү каражаттар кечигип жатат. Бул маселелердин бири бирине байланышы жокпу?

- Жок, байланышы жок деп ойлойм.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: салех каяктан: баткен
09.09.2010 11:10
акаевдин куйруктарын ким эле бийлике алып келип жатат. Булардын бурханга сыйынган тукумдары элдин атынан суйломуш болгону менен дили ак эмес.

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
07.09.2010 04:59
Surolordun tak joobu jok. Tishki ishter minstrliginde ishtebese dele ar bir adamdin ozunun oy pikiri bolot. Anin ustuno jogorku kizmat prezidenttik bolumdo ishtegen adam minday suroolordu jep koyush kerek!
Kyrgyzstan utturbayt birok utpayt da. AKSH nin tajikstanga kurup jatkanin sebebi kop.AKSH daima alsiz mamleketterge sayasat jurguzup kelet.Jardamga muktaj bolgon mamlekettter da chong kuchtordon beker jem jegenge kizigishat. AKSH bir tiyinin da beker berbeyt anin kaytarimin kop ese kilip alat.Akchalay jaktan bolboso sayasiy jaktan.Kyrgyzstandin ubaktiluu okmotu jana turuksuzduk, izi chuular alarga bogot boldu.Birok bir kun kayra ele Kyrgyzstanga bul borbordu achuu uchun sunushtu berishet.Al kachan gana jani utup kelgen partiya menen oz ara kelishimderdi tuzo alganda je janakinday populist chinovnikterdi menen dos bolumush bolgondo gana ishke ashat!

кимден: гастер каяктан: байтер
07.09.2010 00:28
Негизи, кимиси "Учеб. центр" курса да жакшы болмок. Кандайдыр бир денгеелде калканч , жумушчу орун, соода сатык болмок. Бири кетти, эми экинчисинин кызыкчылыгы кескин азайды. "Учеб. центр" башкага кеткени туура болбоду. Коп олколор бирин бири калкалап, колдоп жана коргоп жашап келет. Мумкунчулугу чектелуу олколор дайыма "уступка" берууго аргасыз. Баткенди ким ойлойт баткенди

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине