Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:14

Спорт

Москвада дүйнө чемпионатында Д.Көбөнов коло байгелүү болду

Грек-рим күрөшү боюнча Москвада өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Данияр Көбөнов үчүнчү орунду ээледи.

Текст көлөмү - +
Москвада өтүп жаткан эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында жүздөн ашуун өлкөнүн балбандары күч сынашууда.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду. 55 кг. салмакта өлкө намысын коргогон жаштар арсында Азия чемпиону Арсен Эралиев биринчи беттешүүдө болгариялык Венимин Петков Венковдон утулуп калды.

60 кг. салмакта Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев бул дүйнөлүк таймашууда фин балбаны Ярко Тапани Алахулкуну жана эквадорлук Андрес Роберто Монтано Аройону утуп алды. Бирок Руслан азербайжандык Хасан Алиевден жеңилүү ызасын тартты. Ошондой эле үчүнчү орун үчүн таймашууда болгариялык Иво Серафимов Ангеловго жеңилип, бешинчи орунду ээледи.

66 кг салмакта, Азия чемпиону, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев болсо биринчи беттешүүдө эле түркиялык Васиф Арзимановго жеңилип, күч сынашуудан четтеп калды.

Москва дүйнө чемпионатында Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов 74 кг салмакта коло медаль утуп алганын "Азаттыкка" өлкөнүн Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касенов билдирди.

Былтыр уландар арасында 120 кг. салмакта Азия чемпиону болгон Мурат Романов Москвадагы дүйнө чемпионатында жапон Шинзо Хироказону утуп алганы менен экинчи атаандашы грузин Гуран Ферселидзеден жеңилип, таймашууну уланта албай калды.

Кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча Москвадагы дүйнөлүк таймашуусуна Кыргызстандан жеңил салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Махриницо Нурматова, 59 кг. салмакта Нестан Кыязова, 67 кг. салмакта Элгиза Анарбекова күч сынашып жатышат.

Өлкөнүн күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси Жеңиш Дөнбаевдин пикиринде, эркин күрөш боюнча эки балбандан да үмүт кылып, байгелүү орундарга ээ болушат деген ишенич бар.

-Эркин күрөштөн 60 кг. салмакта жаштар арасында 2001-жылы чемпион болгон, Азия оюндарынын коло байге ээси Улан Надырбек уулу менен оор салмакта Айал Лазаревдон үмүт кылып, байгелүү орундарды ээлейт деп ишенип турабыз. Калган салмакта жаш балбандарды ноябрда Гуанжоудо боло турган 16-Азия оюндарына даярдап жатабыз.

Москвада эркин күрөштөн дүйнө чемпионатынын таймашуулары 10-сентябрда башталат. Ар кандай себептерге байланыштуу мында кыргызстандык эки балбан мөрөй талашууга чыгып, күч сынашмакчы. Алар 60 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону  Улан Надырбек уулу менен оор салмактагы Айал Лазарев өлкө намысын коргойт.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Merischka каяктан: Wien
14.09.2010 04:56
Kyrhyzymdyn zhelegin zhelbiretken, uul kyzdaryna ijgilik!!!

кимден: Eldiyar каяктан: 4et olko
10.09.2010 04:25
bizdin balbandarga iygilik kaalap Daniyar agamdy 4yn jyrogymon kyttyktaim

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)